1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмү
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

26

Бүтүрүүчүлөрдү бош орундарга бөлүштүрүү иш-чарасы

2025-2026-окуу жылындагы педагогикалык багытта, бюджеттик негизде окуусун аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү билим берүү мекемелериндеги  бош орундарга бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик иш-чарасы   Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 21.04.26. №428/1 жана Б.Осмонов атындагы “ЖАМУ” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин  16.04.26 №114 буйргунун негизинде уюштурулду. Иш-чарага бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана Жалал-Абад областык усулдук борбордун өкүлдөрү, Манас шаарындагы орто мектептин жетекчилери, Таш-Көмүр шаардык билим берүү мекемесинин өкүлдөрү, мектеп директорлору, Майлуу-Суу шаардык билим берүү мекемесинин өкүлдөрү, Кочкор-Ата шаарынын  мектептеринин жетекчилери, ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү катышты. Иш чараны ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору т.и.к., доцент С.Ж.Куваков ачып берип, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады. Бөлүштүрүүгө келген жетекчилер №5 Б.Осмонов атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы  А.Ж.Тургунбаева, №2 К.Закиров атындагы орто мектебинин директору Н.М.Мараимова, №9 Р.Санатбаев атындагы орто мектебинин директору Б.Рустамова, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.А.Эргешовалар  келечекте жумуш ордуна бара турган жаш кадрларга түзүлүүчү шарттар боюнча айтышты жана бүтүрүүчүлөрдү педагогикалык кесипке шыктандыруучу кеп-кеңештерди беришти. Иш чаранын жыйынтыгында  бүтүрүүчүлөрдүн 85%ти жумуш орду менен камсыз болду. ЖАМУну педагогикалык багытта, бюджеттик негизде 205 бүтүрүүчү аяктап жатат. Алардын ичинен 96 бүтүрүүчү орто окуу жайды аяктап жатышса, ал эми 109 бүтүрүүчү бакалавр академиялык даражасына ээ болушат. Жалал-Абад областы боюнча билим берүү мекемелеринен 2026-2027-окуу жылына жалпы 331 бош орун бүтүрүүчүлөргө сунушталды.