1. Башкы бет
  2. Билим берүү иш аракети
  3. Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмү
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

Өндүрүштүк практика учурунда жумуш ордунда окутуунун мааниси

Жумуш ордунда окутуу ыкмасынын  (мындан ары - ЖОО) өндүрүштук практикадагы орду жана аны кандайча ишке ашыруу керектиги боюнча карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчилиги астында тегерек стол уюштурулду. Иш чарага окуу жайдын бардык адистиктеринин практика боюнча жооптуу окутуучулары жана практика жетекчилери катышты. 

Тегерек столдо Жалал-Абад колледжинин директору п.и.к., доцент Б.М.Турдубаева  жана ушул эле окуу жайдын автоматаштырылган системалар жана математика ПЦксынын башчысы Д.Калдарова  жана карьера башчысы, маркетолог Г.Алимбаевалар ЖОО боюнча кеңири маалымат беришти. Катышуучулар тарабынан суроо-жооптор жана сунуштар берилди.