1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Лицензиялоо, аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапаты бөлүмү
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

30

ЖАМУдагы аккредитация

«Сапаттуу Билим» көз карандысыз аккредитациялоо агенттигинин эксперттик комиссиясы 2026-жылдын 25–26-март күндөрү программалык аккредитациянын алкагында НОПК «Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине» тышкы баалоо жүргүздү.

Бекитилген тышкы сапардын программасына ылайык, эксперттик комиссиянын сапары уюштурулуп, анын алкагында кызыкдар тараптардын ар кандай топтору менен, анын ичинде студенттер, профессордук-окутуучулук курам, административдик-башкаруучу персонал, иш берүүчүлөр, ата-энелер жана университеттин бүтүрүүчүлөрү менен маектер (интервью) өткөрүлдү.

Иш сапардын жүрүшүндө эксперттер билим берүү программаларынын ишке ашырылышы, окуу-методикалык документтердин мазмуну, ошондой эле сапатты башкаруу системасынын иштеши менен таанышты. Материалдык-техникалык базага визуалдык кароо жүргүзүлүп, окуу аудиториялары, адистештирилген лабораториялар жана китепкана ресурстары камтылды. Практикага багытталган окутууну камсыз кылууга жана университеттин практикалык базалар менен өз ара кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында университетте билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы жана анын аккредитациялык стандарттардын талаптарына ылайык келери белгиленди.