1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Окуу бөлүмү
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

45

Жаңы окуу пландары түзүлүүдө

2026-жылдын 18-майында ЖАМУнун окуу бөлүмү тарабынан учурдагы кызыккан тараптардын  талаптарына ылайык, жаңы окуу планын  модулдар боюнча түзүү жөнүндө  семинар өткөрүлдү. Семинарга институт, колледждердин директорлору жана кафедра, ПЦКлардын башчылары катышты. Семинарды окуу иштери боюнча проректор С.Ж Куваков ачып берди. Окуу бөлумүнүн жетектөөчү адиси Б.Т.Эргешов жаңы окуу жылы үчүн жогорку жана орто кесиптик адистиктерге окуу пландарын түзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Окуу пландарды түзүүчүлөрдүн түрдүү  суроолоруна академиялык департаментинин директору Б.Турдубаева жана окуу бөлүмүнүн башчысы А.Мырзахмедовалар жооп беришти.

Окуу пландарын жаңылоонун себеби: академиялык календардагы өзгөрүүлөр, окуу планындагы циклдердин аталыштарынын өзгөрүшү, кесиптик циклдеги предметтердин модулдарга бөлүнүшү, кесиптик сабактарды  1-курстан  окутуп баштоо, ж.б.

Андан сырткары тездетилген окуу программаларын түзүү боюнча үлгү катары күндүзгү, сырттан окуу үчүн (Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен) формалары сунушталды. Магистратура боюнча окуу пландарын жаңыруу дагы учурдун талабы, ал боюнча дагы иштер жүрүүдө.

Ошондой эле окуу бөлүмүнүн башчысы тандоо курсунун буйругу менен тааныштырды. Жыйынтыгында кийинки айдын башына чейин бардык адистиктер үчүн окуу пландары даярдалып бүтүрүлүүсү кафедра башчыларына тапшырылды.