1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Окуу бөлүмү
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

14

Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө семинар өткөрүлдү

2026-жылдын 2-апрель күнү ЖАМУнун академиялык саясат департаменти жана окуу бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомдору жана буйруктары менен тааныштыруу максатында семинар өткөрүлдү.

Семинарга институт, колледждин директорлору, кафедра жана ПЦК башчылары катышышты. Семинарды ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору Куваков Сталбек Жеңишбекович баштап,  окуу процессиндеги жана кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр менен тааныштырды.

Окуу процессиндеги КЖБ берүү уюмдарына кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн базасында тездетилген программалар боюнча, ошондой эле магистрлерди даярдоо программалары боюнча да кээ бир шарттар жана талаптар белгиленди.

Ошондуктан жаңы окуу жылына окуу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы айтылды.