1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Окуу бөлүмү
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

81

Жаңы жобо боюнча модулдардын жыйынтыгын анализдөө

ЖАМУнун Академиялык саясат департаментинин директору Турдубаева Бариса Майлиевна жана окуу бөлүмүнүн кызматкери Султаналиева Кумушай Кудайбердиевналар, институттардын директорлорунун окуу иштери боюнча орун басарларына модулду анализдөө боюнча семинар өтүштү.

Семинардын негизги максаты 1-модулдун жыйынтыктары боюнча студенттердин модулга катышуусун, жетишүүсүн, окутуучулардын студенттерди модулга даярдоо деңгээлин, босого баллдан өтпөй калган студенттердин санын жана себебин талдоо, аларды  эсептөөнүн ыкмаларын жана алынган жыйынтыктарды жобо боюнча анализдөө жолдору талкуулоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө Б.Турдубаева презентация жасап, модулдун анализин жүргүзүүнүн кадамдарын кеңири түшүндүрдү. Ал катышуучуларга анализ жүргүзүүдө колдонулуучу жаңы ыкмаларды, формулаларды жана маалыматтарды натыйжалуу чагылдыруу жолдорун мисал менен көрсөттү.

Семинардын жыйынтыгында директорлор менен алардын орун басарларына модулдун анализин чыгаруунун жаңыланган усулу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилди. Катышуучулар жаңы ыкманын түшүнүктүү жана пайдалуу экенин белгилешип, бул ыкманы колдонууга даяр экендиктерин билдиришти.