1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

77

ЭЮКтун Социалдык иш ПЦКсында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата куратордук саат өткөрүлдү

2025-жылдын  30-апрелинде социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу, СРк-2-23 тайпасынын  куратору Д.Д.Давлатбекова  тарабынан Жеңиш паркында студенттер үчүн атайын куратордук саат уюштурулду.

Куратордук сааттын максаты — Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон ата-бабаларды эскерүү, алардын эрдигин унутпоо жана студенттерди мекенчилдикке, ѳлкѳнү сүйүүгө, тынчтыктын баалуулугун түшүнүүгө тарбиялоо болду.

Куратордук саатта студенттер согушта курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эскерүү минутасын өткөрүштү. Куратор Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин түшүндүрүп, бүгүнкү жаштардын бейпил жашоосу үчүн курман болгондордун эрдиги унутулбашы керек экендигин баса белгиледи.

Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга, тарыхты урматтоого жана мекенге болгон сүйүүнү арттырууга чоң салым кошот.