ЭЮКта Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата куратордук саат өткөрүлдү

Экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКсынын СРк 2-22 тайпасынын куратору А.А.Ташматова Улуу Жеңиштин 80-жылдыгына карата куратордук саат өткөрдү. Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата колледжде бир катар иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгын белгилеп өттү. Өлкөдө согуш ардагерлеринин саны жылдан-жылга кыскарып жатат. Ошондуктан аларды урматтап, жаштарга алардын эрдигин, баатырдыгын жеткирүү керектигин, студенттерге үзгүлтүксүз бул жеңиштин маанилүүлүгүн жеткирип туруу керектигин баса белгиледи.