1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

59

ЭЮКта жумуш ордунда окутуу

Экономика-юридикалык колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучусу А.А.Ташматова “Калкты иш менен камсыздоо жана аны жөнгө салуу” дисциплинасы боюнча Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын калкты иш менен камсыздоо бөлүмүнүндө жумуш ордунда окутуу уюштурду. Мында түзүлгөн келишимдин негизинде жумуш ордунда окутуу бул убакытка чейин да болуп келген. Калкты жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Айпери Имамалиева студенттерге Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 214 Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иш жүргүзүүнүн жана да жаңы долбоорлор менен кеңири тааныштырып өттү.

“Жумуш ордунда окутуу милдеттүү практикалык окутуу, кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө менен студенттердин жалпы жана кесиптик билимдерге жана көндүмдөргө ээ болуусуна багытталган кадрларды даярдоо системасын билдирет” – деп белгиледи окутуучу А.А. Ташматова.

ЖООнун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- иш тажрыйбасына ээ кылуу;

- колледждин бүтүрүүчүсүнүн эмгек рыногyнда социалдык мобилдүүлүгүн жана кесиптик атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

- бүтүрүүчүлөрдүн билиминин сапатын иш берүүчүлөрдүн күтүүлөрүнө ылайык келтирүүнү камсыз кылуу;

- колледждин студенттерин, бүтүрүүчүлөрүн жана окутуучуларын продукцияны өндүрүүдө колдонулуучу илимдин жана техниканын жетишкендиктери, иш өндүрүүнүн инновациялык методдору, технологиялар ж.б. менен тааныштыруу;