ЭЮКта ачык сабактар уланууда

Экономика-юридикалык колледжинин СРк-2-22 тайпасына калкты иш менен камсыздоо жана аны жөнгө салуу предметинен окутуучу А.А.Ташматова 2024-2025-окуу жылынын 2-жарым жылдыгында “Жумушсуздук, анын келип чыгуу себептери жана түрлөрү” деген темада ачык сабак өттү.
Ачык сабакта педагогикалык теория менен практиканын биримдиги, окутуунун жаңы технологияларын: алдыңкы методдорду, окутуунун салтка айланбаган формаларын кеңири колдонуу ишке ашырылды. Ачык сабак колледждин окутуучулары арасында алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтууну да максат кылган сабак болду.
Ачык сабакка колледжден 10 окутуучу жана ага окутуучу Н.А.Айылчиева жана М.Сулаймановалар катышты.
Сабакка катышкан окутуучулар сабак кызыктуу жана максаттуу болуп, балдарды билим алууга шыктандырган репродуктивдүү сабак болгондугун белгилешти. Ошондой эле окутуучу А.А.Ташматованын ачык сабагын көргөзмөлүү сабак өтүүгө сунушташып, тажрыйбасын жайылтуу экендигин баса белгилешти.