1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

«Акча тапсан – сакта, келечекке пайда»

ЭЮКта Глобалдык акча жумалыгынын алкагында «Акча тапсан – сакта, келечекке пайда» аттуу конок лекция

Экономика-юридикалык колледжинин студентерине Глобалдык акча жумалыгынын алкагында «Акча тапсан – сакта, келечекке пайда» аттуу конок лекция уюштурулду. Конокто Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Депозиттерди коргоо фондун башкаруу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Танабаев Чынгыз Маратович жана “Элдик банктын” Жалал-Абад шаарындагы филиалынын кызматкерлери эмгек акы долбоорлорун тейлөө тобунун башкы адиси Т.А.Рустамов, насыялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.П.Байтиковдор болду. Мында жалпы студенттерге финансылык сабаттуулук боюнча интерактивдүү лекция болду.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда Глобалдык акча жумалыгы 2015-жылдан бери КР Улуттук банкынын координациясы менен министрликтер менен ведомстволордун, финансы институттарынын, эл аралык жана коомдук уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын катышуусу менен өткөрүлүп келет.