Социалдык иш ПЦКсынын практика жетекчилери иш берүүчүлөр менен жумуш ордунда жолугушуу өткөрүүдө

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын практика жетекчилери Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсызоо жана миграция башкармалыгына жана Социалдык фонд шаардык башкармалыгына барышып, иш берүүчүлөр менен жумуш ордунда жолугушууларды өткөрүштү.
Жолугушууларда социалдык иш адистигинин НББП, стратегиялык план, бүтүрүүчүнүн модели, практиканын жол картасы боюнча талкуулар жүргүзүлдү, окуу-жай жана иш берүүчү мекемелер ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү маселеси каралды.
Эске салсак, Социалдык иш ПЦКсынын бүтүрүүчү курсунун студенттери аталган мекемелерде квалификациялык практикасын өтүп бүтүшүүдө.