1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

107

ЭЮКта Социалдык иш ПЦКсынын студенттерин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү

Ушул жылдын 2-апрелинде Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде Социалдык иш адистигинин 2-курсунун СРк-2-23 (9,11) тайпасынын окуу-таанышуу практикасын уюштуруу жана ага студенттерди жөнөтүү боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияга Социалдык иш ПЦКсынын практика жетекчилери А.А. Ташматова, Н.Н. Сатымкулова, Д.Д. Давлатбекова, Э.Т. Молдомиров жана ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева катышты.

Конференцияны экономика-юридикалык колледжинин директору, э.и.д., профессор А.Б. Карбекова ачып, өз сөзүндө кесипкөй адистерди даярдоодогу практиканын маанилүүлүгүн белгилеп, студенттерге келечегиндеги кесип менен таанышууда ийгиликтерди каалап өттү.

Конференцияны өткөрүү студенттерди практика өтөөгө даярдоо, аларга отчетторду даярдоо жана тапшыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү берүү жанажумуш ордунда иш жүргүзүү тартиби менен тааныштыруу максатын көздөдү.

         2-курстун студенттеринин окуу-таанышуу практикасы 7-апрелден 19-апрелге чейин уланат.