ЭЮКта рефлекциялык конференция өткөрүлүп жатат

2025-жылдын 15-март күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинде социалдык иш адистигинин 3-курсунун СРк-2-22(9) жана СРк-01-23(11) тайпаларынын студенттеринин жана практика жетекчилеринин катышуусунда квалификациялык практиканын рефлексиялык конференциясы болуп өттү.
Конференцияда студенттердин практика өтөө учурунда жетишкендиктери жана жаралган көйгөйлөрү талкууланды, практиканы өтөөнүн зарылдыгы жана анын алдыдагы ишмердүүлүккө тийгизген таасири боюнча пикир алышуулар болуп өттү. Андан сырткары, жол карта менен иштөө боюнча сунуштар угулуп, практиканын отчетун жазуу боюнча кошумча кеңештер берилди.