«Урпакка өткөн мурас»

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинде 20 март күнү социалдык иш адистигинин СРк-2-23 тайпасынын куратору Д.Д.Давлатбекова жана студенттери тарабынан 21-март – Нооруз майрамына арналган «Урпакка өткөн мурас» аталышындагы маданий иш чара уюштурулду. Бул маданий иш чаранын максаты – өткөн мурастарды жана кыргыздын салттарын урпакка өткөрүү,ошондой эле элдик маданиятты, жаңыртуу, келечек муундарга ата-бабаларыбыздын маданий баалуулуктарын жеткирүү,алардын маданий аң-сезимдерин жогорулатуу жана мекенчилдик сезимин өнүктүрүү болуп саналат.
Иш чарага ЭЮКтун директору, э.и.д., профессор А.Б.Карбекова, окуу иштери боюнча директордун орун басары А.А.Ташматова жана колледждин профессордук-окутуучулук курамы катышышты.
Иш чаранын программасына алас айтуу, бешик той, улуттук буюмдар жөнүндө доклад, жеке номер, кыргыз бийи, хор киргизилди.