Мекен Коргоочуларына Даңк

2025-жылдын 21-февралында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде “23-февраль – Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө” жана 15-февраль – советтик аскерлердин Ооган Республикасынан чыгарылгандыгынын 36-жылдыгына карата социалдык иш ПЦКсы тарабынан маданий иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын коногу катары Ооган согушунун ардагери, ЖАМУнун профессор Ш. М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу М. И. Мамытов чакырылды, андан сырткары ЭЮКтун окутуучулук курамы да келип катышышты.
Иш чаранын жүрүшүндө ардактуу конок М. И. Мамытовго да сөз берилип, ал Мекенди коргоо анын ар бир жараны үчүн ыйык милдет экендигин баса белгиледи.
Иш чара Ата-Мекенди коргоочулар күнү жөнүндө кыскача маалымат берүү менен башталып, СРк-2-23 тайпасы тарабынан даярдалган викторина, кыска видеофильм, аскердик бий, патриоттук ырларды аткаруу менен коштолду.