Кыргызстан кызыл ай коомунун жалал-абад областык филиалынын өкүлдөрү экономика-юридикалык колледжинде
29-октябрь күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде социалдык иш адистигинин окутуучулук курамы жана студенттеринин катышуусунда кыргызстан кызыл ай коомунун жалал-абад областык филиалынын өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу болуп өттү.
Ал жолугушууда студенттерге аталган коомдун жаралуу тарыхы, ишмердүүлүгү жана кыргызстанда уюштурулуп, жасалган иш-чаралар боюнча кеңири маалымат берилди. Жолугушуу студенттердин суроолору менен уланды. Жолугушуу аягында коомдун өкүлдөрү студенттерди алар тарабынан өткөрүлө турган иш-чараларда волонтер катары катышып келүүгө чакырышты.