1-октябрь – Эл аралык карылар күнү белгиленди

1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы тарабынан расмий түрдө белгиленген 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү дүйнө коомчулугун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырат.
Ушул саамалыктын негизинде Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин окутуучусу А. Калмурзаева тарабынан кайрымдуулук иши уюштурулду.
Иш-чарага Фк-3-23 жана Фк-4-24 тайпасынын студенттери, ата-энелердин колдоосу менен Жалал-Абад шаарынын тургуну, кадырлуу апабыз М. Бакированын абалын сурап, өз жардамдарын көрсөтүштү.
Карылар күнүн белгилөөнүн башкы максаты – улгайган адамдардын коом үчүн баалуулугун көрсөтүү, алардын көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана жашоосуна керектүү колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.