1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Экономика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

42

Кесиптик багытка туура кадам

          2025-жылдын май айында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжининин 2-курсунун студенттеринин окуу таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

          Конференцияга "Финансы (тармактар боюнча)", "Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)", "Салык жана салык салуу" адистигинин 2 курсунун студенттери катышып, практика учурунда алган таасирлери жана жыйнаган маалыматтары менен бөлүшүштү.

         Окуу таанышуу практикасы студенттердин тандаган адистиги боюнча ар түрдүү мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышуу жана баштапкы тажрыйба топтоо максатында уюштурулду. Практиканын жүрүшүндө студенттер мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерде болуп, алардын түзүмү, негизги милдеттери, кызматкерлердин иш тартиби, ошондой эле финансы жана бухгалтердик эсеп жүргүзүү тартиби боюнча жалпы маалыматтарды жыйнап кайтышты.

          Конференцияга ЖАМУнун Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н. С. Жолдошалиева, ЭЮ колледжинин Өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н. А. Айылчиева, экономика ПЦКсынын практика жетекчилери катышып, студенттердин отчётторун угуп, аларга баа беришти.

          Практика учурунда студенттер алган теориялык билимдерин реалдуу иш процессинде салыштырып көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тажрыйба алардын адистикке болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кесиптик багытын тактоого өбөлгө түздү.

Иш-чаранын соңунда практикага активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдирилип, мындай окуу-практикалык иш-чаралар студенттер үчүн өтө маанилүү экендиги баса белгиленди.