Кесиптик багыт берүү иш-чараларын өткөрүү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профориентациялык иштерди активдүү уюштуруу улантылууда. Бул багытта, 2025-жылдын апрель айында Экономика-юридикалык колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучулары тарабынан Сузак районунда жайгашкан бир катар орто мектептерде үгүт иштери ийгиликтүү өткөрүлдү.
Атап айтканда, №54 Ысмайыл, №101 Ж. Шабданов, №10 Көк-Арт, №40 М. Камбаров, №9 И.В. Мичурин, №25 А. Тажибаев, №51 С. Жээнбеков жана №27 Ю.А. Гагарин атындагы мектептерде 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуулар уюштурулду.
Жолугушууларда окутуучулар университеттин жана колледждин ишмердүүлүгү, адистиктери, кабыл алуу шарттары жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришип, буклеттер таратылды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн кесип тандоосуна жардам берүү максатында суроо-жооп иретинде ачык баарлашуулар өткөрүлдү.
Бул иш-чаралардын негизги максаты — бүтүрүүчүлөрдү туура кесип тандоого багыттоо жана Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу болуп саналат.
Профориентациялык иштер мындан ары да пландуу негизде улантылмакчы.