1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Экономика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

109

Экономикалык теория сабагы боюнча иш ордунда окутуу

Бүгүн БЭк-2-23 жана БЭк-3-23 тайпаларынын студенттери "Экономикалык теория" сабагынын алкагында ОсОО «Эко БЕТОН» ишканасына иш ордунда окутууга барышты. Иш сапардын жүрүшүндө студенттер өндүрүш процесси менен жакындан таанышып, ишкананын экономикалык ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты. Алар өндүрүштүк ресурстарды пайдалануу, чыгашаларды оптималдаштыруу, продукцияны рынокто жайгаштыруу жана атаандаштык шарттарындагы стратегиялар боюнча кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Бул иш ордунда окутуу студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга өбөлгө түзүп, кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берди.