Предметтик олимпиада

Экономика-юридикалык колледжи Экономика ПЦКсында олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада экономикалык теория предмети боюнча болуп өттү. Олимпиадага 2-курстар арасында өткөрүлдү, жалпы 12 студент катышты. Аталган олимпиаданын уюштуруучулары Г.Б.Бекиева, Г.П. Салибаева, Э.Э.Кадырова.
Экономика-юридикалык колледжинин э.и. д., профессору Карбекова Азиза Баймаматовна жана Экономика ПЦКсынын төрагасы А.К.Курманбековага сөз берилди. Өз сөзүндө Азиза Баймаматовна олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө илим-билим жаатында мындан жогору ийгиликтерди каалап, аларды даярдаган профессордук-окутуучулар курамына ыраазычылык билдирди.
Аталган олимпиаданын жыйынтыгы менен женүүчүлөрүнө I-даражадагы диплом менен ФК-2-23 тайпасынын студенти Режевалиев Шермурат, II-даражадагы диплом ФК-3-23 тайпасынын студенти Калдарбеков Залкарбек, III -даражадагы диплом менен ССК-01-24 тайпасынын студенти Анашова Айназга тапшырылды.