Мамлекеттик практика — келечектеги карьерага жол ачкычы

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинде 3-курстун студенттеринин Мамлекеттик практиканын жыйынтыктары боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияда Финансы (тармактар боюнча), Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча), Салык жана салык салуу адистиктери боюнча практикадан өткөн студенттер катышты.
Иш-чарага катышкан коноктор: ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н. С. Жолдошалиева, ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н. А. Айылчиева жана экономика ПЦКсынын жетекчилери.
Конференциянын алкагында студенттер практика учурунда аткарылган иштер боюнча отчетторун сунуштап, алган тажрыйбалары, билгени жана профессионалдык жөндөмдөрү менен бөлүшүштү. Ошондой эле окуу жайы менен практика базаларынын өз ара иштешүүсүнүн негизги аспектилери, жетекчилердин ролу жана келечектеги адистерди күтүп турган актуалдуу кыйынчылыктар талкууланды.