Финансылык сабаттуулук — ийгиликтин ачкычы

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинде дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү иш-чара — Дүйнөлүк акчалар жумалыгына (Global Money Week) арналган конок лекция өткөрүлдү. Иш-чарага колледждин директору А.Б.Карбекова, экономика ПЦКсынын окутуучулары жана 2-курсунун студенттери активдүү катышышты.
Бул маанилүү иш – чара Микрокредиттик компания OXSUSтун адистери тарабынан уюштурулду. Лекциянын негизги максаты — жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана аларды жеке каржыны башкарууга үйрөтүү болду.
Иш-чарада OXSUS компаниясынын адистери студенттерге төмөнкү негизги темалар боюнча түшүндүрмө беришти:
- Акча каражаттарынын тарыхы жана учурдагы мааниси;
- Туура үнөмдөө жана инвестициялоо принциптери;
- Кредиттик продуктылар жана алардын өзгөчөлүктөрү;
- Депозиттик эсептер жана пайыздык системалар;
- Жаштар үчүн финансылык жоопкерчилик жана күнүмдүк турмуштагы каржылык чечимдерди кабыл алуу жолдору.
Адистер студенттер менен ачык диалог форматында баарлашып, жаштардын суроолоруна кеңири жооп беришти. Айрыкча студенттерди кызыктырган темалар — микрокредиттердин жеткиликтүүлүгү, жаштарга арналган финансылык кызматтар жана келечекте жеке ишкердикке каражат топтоо жолдору болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практикалык мисалдар менен таанышып, реалдуу жашоодо акча каражаттарын кандайча туура пайдаланууга болорун үйрөнүштү. Ошондой эле, лекция соңунда студенттерге мотивация берүүчү сунуштар айтылып, финансылык эркиндикке жетүүнүн кадамдары белгиленди.
Мындай иш-чаралардын уюштурулушу студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жана практика менен теорияны айкалыштырууга чоң салым кошору белгиленди.
Экономика-юридикалык колледжинин студенттери мындай маанилүү иш-чарага катышуу менен финансылык билимин бекемдеп, келечекте акылдуу жана жоопкерчиликтүү каржылык чечимдерди кабыл алууга багыт алышты.