1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Экономика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

21

Кесиптик багытка карай

           Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжиндеги экономика ПЦКсынын 2-курсунун студенттери бекитилген окуу планына ылайык, ушул окуу жылында шаардык жана региондук деңгээлдеги ар кандай уюмдарда жана мекемелерде окуу-тажрыйбалык практикадан өтүшүүдө.

         Бул практиканын максаты — студенттердин теориялык билимдерин тереңдетүү, баштапкы кесиптик тажрыйба топтоо жана аларда экономика жана финансы тармагындагы келечектеги эмгек ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүк калыптандыруу болуп саналат. Практиканын алкагында студенттер Жалал-Абад шаарынын, ошондой эле облус райондорундагы мекемелерге, уюмдарга жана каржы-кредиттик структураларга бөлүштүрүлгөн.

          Практика учурунда өзгөчө көңүл студенттер менен практика жетекчилеринин өз ара аракеттешүүсүнө бурулат. Методикалык жардамдар уюштурулуп, анда практиканттар туш болгон актуалдуу маселелер талкууланып, сунуштар каралып жана тиешелүү сунуштамалар берилет. Практика жетекчилери студенттерге жигердүү жардам берип, коюлган тапшырмаларды аткаруусуна көзөмөл жүргүзүп, зарыл болгон кесиптик көндүмдөрдүн калыптанышына көмөктөшүшөт.

          Алыскы райондорго практикага жөнөтүлгөн студенттер жетекчилер менен онлайн режиминде дайыма байланышта турушат. WhatsApp жана Telegram сыяктуу санариптик куралдарды колдонуу менен ыкчам пикир алышуу жана практиканттардын географиялык жайгашуусуна карабастан, окуу процесси эффективдүү координацияланып жатат.

Окуу - таанышуу практиканын өткөрүлүшү студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүп гана тим болбостон, келечектеги мүмкүн болгон иш берүүчүлөр менен байланышын чыңдоого, демилгелүүлүккө, жоопкерчиликке жана чыныгы эмгек шарттарына ыңгайлашууга көмөктөшөт.