Окуу практикасы: Кесиптик келечекке алгачкы кадам

Б. Осмонов атындагы Экономика-юридикалык колледжинде БЭк-2-23, БЭк-3-23, Фк-2-23, Фк-3-23, Фк-01-24, ССк-2-23, ССк-01-24 тайпаларынын студенттерин окуу практикасына жөнөтүүгө арналган конференция болуп өттү. Иш-чарага ЭЮКтун директору А.Б. Карбекова, ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева, ошондой эле Экономика ПЦКсынын практика жетекчилери катышты.
Өз сөзүндө А.Б. Карбекова студенттерге практика учурунда тартипти жана коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгүн эске салып, бул этап келечектеги адистерге билимди бекемдөөгө гана эмес, илимий-изилдөө жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө да мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.
Экономика ПЦКсынын практика жетекчиси А. Калмурзаева студенттерге практика өтүүнүн негизги эрежелерин түшүндүрүп, баалоо системасы жана жетекчилер менен тыгыз иш алып баруунун зарылдыгы жөнүндө айтып өттү.
Н.А. Айылчиева окуу практикасы теория менен иш жүзүндөгү тажрыйбанын ортосундагы көпүрө экенин белгилеп, бул студенттерге өз күчүнө ишеним артып, келечектеги кесиптик карьерасына даярданууга жардам берерин билдирди. Ошондой эле ал студенттерге ийгиликтерди жана жемиштүү практика өткөрүүнү каалады.
Окуу практикасы – бул жөн гана милдеттүү этап эмес, ал кесиптик жана жеке сапаттарды өнүктүрүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүү адис болууга жана келечектеги карьералык өсүш үчүн бекем негиз түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк.