1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Экономика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

106

«Билим берүүнүн чек араларын кеңейтүү: Академиялык мобилдүүлүктүн жаңы горизонттору»

         Б. Осмонов атындагы мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинин окутуучулары Э. Кадырова жана А. Калмурзаева 17-марттан 22-мартка чейин академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Заманбап эл аралык университетине барып келишти.

        Сапардын негизги максаты - билим берүү методикасын изилдөө, кесиптештер менен тажрыйба алмашуу жана окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты чыңдоо болду. Жолугушуунун жүрүшүндө окутуучулар экономика тармагындагы актуалдуу маселелерге арналган лекцияларга, семинарларга катышты.

         Мындан тышкары, экономика-юридикалык колледжинин окутуучулары Заманбап эл аралык университетинин окуу процесси жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып, биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлордун келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл, билим берүү процессине инновациялык технологияларды интеграциялоо жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу маселелерине бурулду.

          Бул сапар билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү жана орто жана жогорку билим берүү тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болду.