Кесиптик өнүгүүгө карай жол

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Б. Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжиндеги экономика ПЦКсында рефлексиялык конференция болуп өттү. Конференцияга 3-курстун БЭк-23-22, ССк-2-22, Фк-2-22, Фк-01-23 тайпаларынын студенттери катышты. Бул маанилүү иш-чара студенттердин тажрыйба алуусуна, билим алуу этабын талдоого жана кесиптик келечекти талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.
Конференциянын максаты.
Рефлексиялык конференция студенттердин практикалык ишмердүүлүгүн талдоо, алардын даярдыгынын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо, ошондой эле кесиптик компетенцияларды калыптандыруу максатын көздөдү. Катышуучулар өз таасирлери менен бөлүшүп, кездешкен кыйынчылыктарын талкуулашып, аларды чечүүнүн жолдорун сунушташты.
Иш-чаранын жүрүшү.
Конференция колледж жетекчилигинин ачылыш сөзү менен башталды. Жетекчилер практикалык окуунун билим берүү процессиндеги маанисин белгилеп өттү. Андан соң студенттер өздөрүнүн практика боюнча отчетторун сунушташып, алган билими жана көндүмдөрү тууралуу айтып беришти, ошондой эле пратика өтөө учурунда алынган тажрыйбалары менен бөлүштү. Конференцияда жетекчилер сунуштарын беришип айрыкча кесиптик этика, экономика тармагындагы жөнгө салуу маселелери жана тынымсыз өзүн-өзү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Жыйынтыктоо.
Конференциянын жыйынтыгында эмгек рыногунун заманбап талаптарын эске алуу менен окуу программаларын мындан ары өркүндөтүү зарыл деген тыянак чыгарылды. Студенттер алган тажрыйбасынын баалуулугун белгилешип, мугалимдерге жана устаттарга колдоосу кеңештери үчүн ыраазычылык билдиришти. Мындай иш-чаралар студенттерге алган билимдерин бекемдөөгө гана эмес, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө мыкты даярдык көрүүгө да көмөк көрсөтөт.
Рефлексиялык конференция билим берүү процессинин маанилүү этабы болуп, студенттерге жетишкендиктерин баалоого жана мындан аркы өнүгүү пландарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мындай демилгелер кесиптик көндүмдөрдү калыптандырууга жана келечектеги адистердин даярдык сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.