Базада өткөрүлүүчү иш – чаралар колго алынды

Каржылык операциялар каржы мекемелеринин жана банктардын ишинде негизги ролду ойнойт. Студенттер практика өтөө учурунда каржы менен иштөө принциптерин өздөштүрүүгө, изилдөөгө, ошондой эле баалуу кесиптик көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк алат.
Ушул максатта экономика юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын практика жетекчилери Э.Кадырова, А. Калмурзаева студенттерге банк ишинин жана каржы мекемелеринин татаал аспектилерин түшүнүүгө, каржылык операциялар, каржылык отчетторду талдоо жана акча каражаттарынын агымын болжолдоо, отчеттуулукту жүргүзүү үчүн бухгалтердик эсеп жана каржылык программалар менен иштөөгө,ченемдик документтерди талдап практикада колдонуусуна, каржы мекемелеринин ишинин теориялык аспектилерин үйрөнүү боюнча маалымат алууга, ошондой эле адистештирилген программалык камсыздоону жана ченемдик документтерди колдонууга олуттуу жардам көрсөтүп, көмөктөшүп келишти.
Тажрыйбалуу жетекчилердин насаатчылыгы келечектеги адистерди даярдоодо маанилүү ролду ойнойт. Жетекчилер студенттерге каржылык операцияларды өздөштүрүүгө, банк эсебин жана аналитиканы түшүнүүгө, каржылык операцияларды тейлөөнү үйрөнүүгө жана кесипкөй программалык камсыздоо, ченемдик документтер менен иштөөнү үйрөнүүгө жардам берет.
Бул тажрыйба каржы тармагында ийгиликтүү карьера баштоо үчүн бекем базаны түзөт.