1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Экономика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

75

«Кургак учук айыгат»

Экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсында “ Кургак учук айыгат”

деген темада иш-чара болуп өттү. Иш-чараны ЭЮКтун директору, э.и.д.,

профессор А.Б. Карбекова ачып берди.  Иш-чара студенттердин кургак учук

көйгөйү, аны алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо жолдору тууралуу

маалыматын жогорулатуу максатында уюштурулду. 

Иш-чаранын коногу Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун

«Кургак учук» бөлүмүнүн башчысы Мурсалиев Акрамжан Юлдашевич болуп,

кургак учуктун келип чыгуу себептери, анын белгилери, диагностикалык

ыкмалары жана инфекциянын алдын алуу ыкмалары тууралуу айтып берди,

өзгөчө сергек жашоого жана өз убагында медициналык кароодон өтүүнүн

маанилүүлүгүн белгилеп өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө дарыгер, мугалимдер жана студенттер бул ооруга

байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулап өтүштү.  

Дарыгер студенттерге кургак учуктун айыкпастыгы жөнүндөгү

стереотиптерди жок кылууга мүмкүндүк берген бул оору менен

ийгиликтүү күрөшкөн адамдардын чыныгы окуяларын айтып өттү.

Иш-чаранын катышуучулары ошондой эле эмдөөнүн маанилүүлүгү,

дарылоо тартибин жана дарыгерлердин бардык сунуштарын аткаруунун

маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Мындай иш-чараларды уюштуруустуденттердин  ден соолугуна болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырып, ден соолугуна кам көрүү маселелерине көбүрөөк аң-сезимдүү болууга, коркунучтуу оорулардын алдын алууга жардам беретдеген ишенимин билдиришти