1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Экономика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

486

Мамлекеттик практикага жөнөтүү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын БЭК-2-22, ФК-2-22, ФК-01-23, ССк-2-22 тайпаларынын студенттери үчүн мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы уюштурулду. Конференцияга ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева жана Экономика ПЦКсынын практика жетекчилери катышты.    

Конференциянын жүрүшүндө  Н.А. Айылчиева студенттерге практика учурунда тартипти жана коопсуздук чараларын  сактоону,  илимий изилдөө ишин жазуу боюнча кенен маалымат берип өттү.

Экономика ПЦКсынын практика жетекчиси А.Калмурзаева студентин жол картасы, баалоо критерийлери жана практика өтөө учурунда студенттер,  практика жетекчилери менен тыгыз иштешүү керектигин белгилеп өттү.

   Практика жетекчи  Э.Э. Кадырова окуу процессинде практика чоң роль ойноорун, теориялык билим практика менен бекемделерин, практика көп нерсени үйрөтөрүн эске салып, практиканын максаттары жана милдеттери, отчетторду жазуу жана күндөлүк толтуруу тууралуу айтып берди