ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык колледжине Касым Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин социалдык – экономикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары А.А. Сарбанова, Д.Т. Мусуралиева, Н.А. Мурзаканова 2023-жылдын 5-6 декабрына чейин “Финансылык сабаттуулук” , “Бухгалтердик эсеп жана кош жазуу” темаларында конок лекция жана тажрыйба алмашуу максатында келип, эл аралык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу боюнча эки окуу жайдын ортосунда келишимдер түзүлдү.
Жолугушуунун алкагында экономика-юридикалык колледжинин директору А.Б. Карбекова жана социалдык – экономикалык дисциплиналар ПЦКсынын башчысы А.А. Сарбанованын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу, тажрыйба алмашуу жана жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды.
ЫМУнун социалдык – экономикалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучусу Мурзаканова Нургуль Абдиевна Фк-2-22, Фк-01-23 тайпаларына
1. “Финансылык сабаттуулук” деген эмне?
2. Аны жашоодо кантип колдонобуз?
3. Киреше менен чыгашанын тең салмактуулукта алып жүрүү жөнүндө кенен маалымат берип,
Мусуралиева Дамира Тентиевна Сск-2-22, Бэк-2-22, Бэк-3-22 тайпаларына
1. “Бухгалтердик эсеп жана кош жазуу” деген эмне?
2. “Кош жазуу жана анын түрлөрү, аны туура колдонуу ” боюнча түшүндүрмө берип, сабак суроо-жооп иретинде өтүлдү.
Сабак интерактивдүү усулда өтүлдү. Сабакта таркатма материалдар, интерактивдүү оюндар колдонулуп, студенттер активдүү катышышты.
Бул жолугушууда академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдер түзүлүп, анын алкагында келечекте эки окуу жайдын окутуучулары, студенттер ортсунда тажрыйба алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча пландаштырылып, макулдашылды.