Мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүндөгү каржылык операцияларды талкуулоо
Экономика-юридикалык колледжинин окутуучулары Э.Кадырова, А. Калмурзаева практикада өтүп жаткан студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Жалал-Абад шаарында жайгашкан банктардын иш берүүчүлөрү менен жолугушуу уюштурулду. Бул жолугушуунун жүрүшүндө иш берүүчүлөр менен биргеликте мекемелер жүргүзгөн каржылык операциялардын ар кандай аспектилери талкууланып, студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты студенттерге экономикада маанилүү ролду ойногон каржылык процесстер жана операциялар боюнча тереңирээк маалымат берүү болду. Окутуучулар каржыны туура башкаруунун маанисине, банк тармагындагы учурдагы тенденцияларга, экономика жана каржы жаатында ийгиликтүү карьера жүргүзүү үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөргө көңүл бурулду.
Жолугушуу окуу жайлар менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара биргеликте аракеттенүү темасын козгоп, бул студенттерге заманбап эмгек рыногунун талаптарына жакшы даярданууга мүмкүндүк берерин белгилеп . Окутуучулар мындай тажрыйба студенттерге керектүү компетенцияларды жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенишет.