Жыйынтыктоочу конференция
Экономика - юридикалык колледжинин каржы (тармактар боюнча), экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча), салык жана салык салуу адистиктеринин 3-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.
Конференцияга 3 - курстун студенттери, ЖАГУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С. Калыбекова, ЖАГУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн инспектору Н.С. Жолдошалиева, ЭЮКтун директору А.Б. Карбекова өндүрүштүк практика жана карьера боюнча ЭЮКтун жетекчиси Н.А. Айылчиева, экономика ПЦКсынын башчысы А. Курманбекова, ПЦКнын практика боюнча жетекчиси А. Калмурзаева жана аталган адистиктин жетекчилери катышышты. Конференцияда студенттердин докладдары жана алардын илимий иштери жөнүндө отчеттор угулду. Студенттер практика учурунда слайддар жана видеолор аркылуу жетишкендиктерин көрсөтүштү.
Конференциянын жыйынтыгында практиканын жүрүшүндө жетишилген ийгиликтер, алар үчүн даярдалган жол картасына ылайык иштин аткарылышы тууралуу суроолор берилип, жооптор берилди, алар туш болгон кемчиликтер менен бөлүшүп, өз сунуштарын беришти.