1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Экономика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

39

Базадагы иш чара

       Үстүбүздөгү жылдын  декабрь айында базада аткарылуучу иш чаралар  колго алынып экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын каржы адистигинин окутуучулары Э.Э. Кадырова, А.К. Калмурзаева иш берүүчүлөр менен биргеликте,  ишкананын ишмердүүлүгүндө колдонулуучу программалар, нормативдик документтер менен иштөөгө көрсөтмө берүү максатында  Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Жалал – Абад финансы башкармалыгында болуп, практика өтөп жаткан студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишти.

Финансы жана бюджеттик координациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Т. Аширова практиканттар үчүн шарттар түзүлгөнүн белгилеп, башкармалыктагы ар бир бөлүм боюнча кеңири маалымат берип өттү.

Жардам көрсөтүү учурунда практика жетекчилер   методикалык көрсөтмөлөрдү берип, практика өтөө учурунда пайда болгон маселелерди чечүү менен алгылыктуу  иштер жасалды.