Штат бирдиктери жана тарифицикация
Б.Осмонов атындагы ЖАГУнун экономика жана юридикалык колледжинин Бэк-2-22 тайпасынын студенттерин өндүрүштүк практика өтөө учурунда Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна Штат бирдиктери жана тарификация жөнүндө практиканын жетекчилери Айдарбекова А.Ж. Иркеева З.Д. төмөнкүдөй көндүмдөрдү үйрөттү: Мамлекеттик жумушчу болобу жеке менчик жумушчу болобу ар бир кызматкердин штат бирдиги жана тарификациясы болуу шарт экендигин түшүндүрүштү. Штат бирдиги кызматкерлердин белгилүү бир кызмат ордун көрсөтүүчү эсептик бирдик экендигин көрсөтүштү.Тарификация ишкананын, мекеменин же уюмдун кызматкерлерине майана төлөө шарттарынын жана өлчөмүн аныктоону түшүндүрүштү. Өткөрүлгөн практикалык сабактар өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, алардын кийинки практикага болгон кызыгуусун арттырды.