1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

159

ОРАТОРДУК ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНА ЛИДЕРЛИК

       Экономика-юридикалык колледжинде экономика ПЦКсынын  Фк-2-21, Сск-2-21, Бэк-2-21 жана  Бэк-01-22 тайпасынын студенттери үчүн " Оратордук чеберчилик жана лидерлик" деген  темада конок лекция  өткөрүлдү.    Конок лекцияны экономика ПЦКсынын  окутуучусу Э.Кадырова уюштуруп, Жалал-Абад шаарындагы  оратор-журналист Оморова Насыйкат студенттерге лекция окуду.

Журналист Н.Оморова оратордук чеберчиликти күнүмдүк жумушта колдонуу жана өздөштүрүүнү, эл алдында туура сүйлөөнү, пикир алышуу таасирдүү болушу үчүн көз караш, жест, мимика кыймыл аракет да шайкеш келип туруусу керектигин, өзүнө болгон ишенимди жогорулатууну арттыруу, лидерлик боюнча   жана  лидердик сапатка ээ болгон инсандар жөнүндө  маалымат берип, оратордук өнөргө үйрөнүүдө эмнелерди эске алуу керек, эл алдына чыккандагы коркуу сезимин башкарууда  кенештерин  берди . Насыйкат Оморова сабак  учурунда таркатма материалдарды, анкета, интерактивдүү оюндарды колдонуп кызыктуу өттү. Студенттер сабакка   активдүү катышып, сабактын жыйынтыгында оратор Насыйкат  Оморовага ыраазычылык билдиришти.