ПЕДАГОГИКАЛЫК КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика -юридикалык колледжинде 14-март күнү окутуучулук курам жана колледждин директору э.и.д.проф А.Б.Карбекованын жетекчилиги астында өз билимин өркүндөтүү боюнча “Жогорку билим берүү педагогикасынын негиздери” деген темада семинарга катышышты.
Семинарды п.и.д.,профессор Т.Э.Уметов өттү. Аталган семинардын максаты окутуучулардын педагогикалык билимин өркүндөтүү,студенттерге сабак өтүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу менен кызыктуу сабак өтүү. Семинар кызыктуу болуп, окутуучулар өз ой пикирлерин билдиришип, аталган тема боюнча кеңири талкуулашты.Семинардын калган бөлүгү кийинки күндөрү улантылары айтылды.