1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

111

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОРТО КЕСИПТИК ЮРИДИКАЛЫК  БАГЫТЫ БОЮНЧА БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ОРТОСУНДАГЫ АССОЦИАЦИЯ

Ош шаарындагы финансы-юридикалык колледжинде  2024-жылдын 6-март күнү "Кыргызстандагы орто кесиптик юридикалык (укук таануу, укук коргоо ишмердүүлүгү) багыты боюнча билим берүүчү окуу жайларынын ортосундагы Ассоциация" түзүү жөнүндө жыйын болуп өттү.

Жыйынга Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинин укук таануу ПЦКсынын окутуучусу Г.Сабиралиева катышты. Ошондой эле Ош МУ, финансы-юридикалык колледжи,  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети, Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу колледжи, Баткен мамлекеттик университетинин көп тармактуу институту,  Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек университетинин кесиптик колледжи,  ОшТУнун Б. Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институттарынан окутуучулар катышып, окуу пландары, мобилдүүлүк жана ар түрдүү маселелерди талкуулашып келишимдерди түзүштү.