1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

123

ӨЗ КЕСИБИҢДИН МЫКТЫСЫ БОЛ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын салык салуу адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен 1- мартта жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга Жалал-Абад шаардык салык салуу башкармалыгынын  мониторинг жана анализ жүргүзүү бөлүмүнүн улук инспектору Бакирова Айкокул, Сузак райондук салык салуу башкармалыгынын атайын салыктар режими бөлүмүнүн улук инспектору Ибрайимов Байымбет келишти. Колледждин директору э.и.д., профессор  А.Б.Карбекова жолугушууну ачып бүтүрүүчүлөр менен студенттерди тааныштырды. Жолугушууда   бүтүрүүчүлөр  студенттик күндөрүн эскеришип, студенттерди  өз убагында билимди терең алууга, убакытты туура пайдаланууга  жана китепти көп окууга чакырды. Өз кесибдин мыктысы болуу үчүн тандап алган адисти сүйүп окуп жана максатты туура коюуну айтышты. Студенттер бүтүрүчүүлөр менен салык салуу кесибинин артыкчылыгы боюнча талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында студенттер бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, алардын иштерине ийгилик каалашты.