1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

76

БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАНЫ АСТЫНДА

 Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде 8-март Аялдардын эл аралык майрам күнүнө карата "Бейиш эненин таманынын астында"  аттуу  чакан маданий иш чара өткөрүлдү.

Маданий иш чараны колледждин  жаштар комитети  уюштуруп, колледждин эжекелеринин  көңүлүн көтөрүп жагымдуу маанай тартуулашты. Иш чарада  колледждин директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова айымдарды куттуктап сөз сүйлөдү. Студенттер тарабынан энелер жөнүндө көркөм окуулар, ырлар, азыркы турмуштагы аялдардын орду жөнүндө сахналык көрүнүштөр коюлуп, колледждин бийчилери  бийлешти. Аялзатына арналган маданий иш чара эң жогорку денгээлде өтүп, окутуучуларга гулдестелер берилди.