БАЗАДАГЫ ТЕГЕРЕК СТОЛ

19-февраль күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын практика жетекчилери З.М. Ахмедова, Г.Б.Бекиева жана А.К.Курманбекова ССк-2-21 тайпасынын студенттеринин катышуусунда Жалал-Абад шаардык салык башкармалыгын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн башкы инспектору Тургунбаев Мелис Токтосунович менен « Салык ставкалары жана салык төлөө мөөнөттөрү боюнча түшүндүрмө» деген темада тегерек стол уюштурушту. Тегерек столдун максаты практика өтөп жаткан студенттерге жетекчилер тарабынан түзүлгөн жол картага багыт берүү жана практика учурунда кездешкен кемчиликтерди жоюу.
Тегерек столдо төмөнкүдөй суроолор каралды:
- Салык ставкасы деген эмне?
- Ставканын эсептелишин? (кантип эсептөө)
- Салыкты төлөө мөөнөтү кантип төлөшөт?
Мындан сырткары башка салык төлөмдөрү, аларды тапшыруу жолдору,мөөнөттөрү боюнча маалыматтар айтылып, студенттер тарабынан өздөрү кызыккан суроолор берилип жооп алынды. Студенттер тегерек столдун жүрүшүндө салык ставкасы кантип эсептелишинин салыкты төлөө мөөнөтү жөнүндө түшүнүктөрдү алышты.тегерек столдун жыйынтыгында практиканттар практика жетекчилерине жана салык салуу башкармалыгынын адистерине ыраазычылык билдиришти.