1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

81

Студенттердин улуу муунга болгон сый-урматы

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук колледжинин ТМк-2-25 тайпасынын студенттери жана алардын куратору Айылчиева Н. 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын тургуну Галина Николаевнага барып, майрамы менен куттуктап кайтышты. Иш-чаранын максаты – карылардын эмгегин урматтоо, улуу муунга болгон сый-урматты көрсөтүү, студенттерди кайрымдуулукка, боорукердикке жана ыймандуулукка тарбиялоо болуп саналат. Студенттер Галина Николаевна менен таанышып, ага жылуу маанай тартуулап, үй иштерине жардам беришти. Сүйлөшүү учурунда кадырман апабыз өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштарга акыл-насаат айтты. Галина Николаевна студенттерге, куратору  Н. Айылчиевага колледж жетекчилигине жана студенттердин ата-энелерине терең ыраазычылык билдирди. Бул жолугушуу студенттердин жүрөгүндө чоң таасир калтырып, улуу муунга болгон урматын дагы бекемдеди.