1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

86

Квалификацияны жогорулатуу – педагогдун кесиптик өнүгүүсүндөгүмаанилүү кадам

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика жана укук колледжинин окутуучусу Айылчиева Н. А. Бишкек шаарындагы Республикалык илимий-методикалык борбору уюштурган «Кредиттик технология орто кесиптик билим берүү окуу жайларында» аттуу курска катышып келди. Курстун негизги максаты – орто кесиптик билим берүү мекемелеринде кредиттик технологияны натыйжалуу колдонуу жолдорун үйрөтүү, окутуучулардын методикалык жана практикалык билимин өркүндөтүү, жаңы билим берүү технологиялары менен тааныштыруу жана республикадагы орто кесиптик билим берүү мекемелери арасында иш тажрыйба алмашууну камсыз кылуу болуп эсептелет. Курстун жүрүшүндө катышуучулар заманбап окутуу стратегиялары, студенттердин өз алдынча билим алуусун уюштуруунун жолдору  таанышты. Бул билимдер окутуучуларга өздөрүнүн сабактарын дагы да эффективдүү уюштурууга, студенттердин жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окутууну өркүндөтүүгө шарт түзөт. Курстун аягында Айылчиева Н. А. ийгиликтүү сынак тапшырып, 72 сааттык көлөмдөгү сертификатка ээ болду. Бул жетишкендик анын кесиптик чеберчилигин жогорулатуудагы жана билим берүү процессине жаңычыл ыкмаларды киргизүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Мындай курстар мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүп гана тим болбостон, жалпы орто кесиптик билим берүү системасынын өнүгүшүнө жана студенттердин билим сапатынын жогорулашына чоң салым кошот.