1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Тажырыйба алмашуу билим сапатын жакшыртат

Экономика-юридикалык колледжине 2025-жылдын 3-июнунда ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун Орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн "Укук таануу жана экономика" циклдык бирикмесинин окутуучулары доцент Г.С. Ташбаева , улук окутуучу Н.Ж. Наджиева, М.С. Хакимова жана Н.А. Эргешовалар адистик дисциплиналардан академиялык мобилдүүлүктүн алкагында конок лекцияга келип кетишти. Конокторду ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова жамааты менен тосуп алып, эки колледждин ортосунда кызматташтыкты бекемдөө, тажырыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү максатында эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Конок лекцияга ЭЮКтун экономика жана укук таануу адистигинин 1-курсунун студенттери катышты.

Тажырыйба алмашуу сапары колледждин окуу корпусуна болгон экскурсия менен жыйынтыкталып, сапар жемиштүү болуп, тыгыз кызматташуу кадамдарына жол ачты.