ЭЮКта лицензиялык текшерүү жүргүзүлдү

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси” мекемесинин Экономика-юридикалык колледжинде 3-июнь күнү орто кесиптик билим берүү программаларын лицензиялык талаптарга ылайык келүүсү боюнча лицензиялык текшерүү жүргүздү. Мында 100105 Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу, 100201 Туризм жана 100106 Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүү үчүн лицензия алуу максатында 2025-жылдын 2-июнундагы №205 буйругунун негизинде төмөнкү эксперттик комиссия бекитилген.
1. Умаров Алымкул Мухтарович - К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директорунун орун басары, комиссиянын төрагасы
2. Караева Гулжамал Адилбековна - ЖЧК "Таттуу Багери" негиздөөчү жана башкы директору, комиссиянын мүчөсү
3. Менишова Жыпаргүл Адылбековна – Кыргызстандын Түштүгүндөгү “Кыргыз Темир Жолу” Жалал-Абад станциясынын товардык кассири, комиссиянын мүчөсү.
Билим берүү уюмунун аталган программалар боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялык талаптарга ылайык келүүсү каралды.