Креатив конкурсу

29-май күнү Жалал-Абад колледжинин студенттери Европа Биримдиги тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасындагы жарандык укуктарды бекемдөө үчүн санариптик технологиялар" (Digital technologies For Civic Empowerment in Kyrgyz Republic (DT4CE) Transparency International Secretariat (TI-S) долбоорунун алкагында санарип технологиялары bilem.kg, jmd.kg туралуу конкурска катышты. Бул иш чаранын максаты санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, bilem. kg, jmd. kg. онлайн платформаларынын колдонуу жана окуу жайлар арасында достук мамилени түзүү. Конкурсту уюштуруучулар Жалал-Абад шаарындагы «Каниет» реаблитациялык борборунун директору Н.Ташматова жана тренер Г.Аттокурова, ал эми конкурс Жалал-Абад шаарындагы №75 кесипттик лицейде өткөрүлдү. Конкурска Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин БЭК-3-24 тайпасынан “4К” , УТк-4-24 тайпасынан “WEBknowledge”, Жалал-Абад шаарындагы К. Токтомаматов атындагы Эл аралык Университетинен “Биримдик” жана “Аманат ” командалары катышты.
Конкурста студенттер команданы тааныштырышты, bilem. kg, jmd. kg. онлайн платформаларынын максаты, функциялары, өзгөчөлүктөрү жана колдонуун жолдору жөнүндө видео роликтерди көрсөтүштү жана jmd. kg.платформаларына киргизген инициативалардын максаттарын айтышты. Конкурстун жыйынтыгында активдүү катышкан төрт командага белектер ыйгарылды.