1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

109

Scopus базасы менен комплекстүү иш алып баруу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинде  2025-жылдын 19-февраль күнү  илим жана инновациялар боюнча проректор, т.и.к., доценттин м.а. С. Ж. Куваков Scopus базасы менен комплекстүү иш алып баруу, авторлорду издөө, журналдарды жана макаланы издөө, Хирша индексин жогорулатуу механизмдери боюнча семинар-тренинг өттү. Семинар толугу менен визуалдык иллюстрация менен өтүлдү, окутуучулар ошол эле учурда интернетке кирип, жаңы үйрөнгөн жөндөмдөрүн пайдалана алышты. Семинар-тренингде бардык суроолорго толук жооптор алынды, интенсивдүү жана кызыктуу болду.