ЭЮК Кургак учукту жеңебиз!

ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин СРк-2-22 тайпасынын куратору А.А.Ташматова кургак учукка каршы күрөшүү боюнча “Кургак учукту жеңебиз!” аталышында куратордук саат өттү. Куратордук саат кургак учук оорусуна каршы күрөшүү боюнча №758 токтомун жана окуу жайдын планын ишке ашыруу үчүн өткөрүлүүчү иш-чаралардын планына ылайык өткөрүлдү.
Куратордук саатта негизинен кургак учук боюнча жалпы маалымат берилип, төмөнкү суроолордун тегерегинде талкуу жүргүзүлдү:
кургак учуктун негизги белгилери;
кургак учуктун жугуу жолдору;
кургак учукту дарылоо жолдору;
сактануу, профилактика жолдору;
Жыйынтыгында студенттер бул оорунун белгилери байкалган мезгилде токтоосуз үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылышын жана да биздин организмдин коргоо күчтөрү бизди кургак учуктан сактай алат деген тыянакка келишти. Ал үчүн ар бирибиз таза, күчтүү тамак-аш жеп, таза абада көбүрөөк болуп, гимнастика менен машыгып, тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана баңги заттардан алыс болуу керек экендигин баса белгилеп кетишти.