1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

165

ЭЮКтун жетекчилиги 2-курстун студенттери менен жолугушту

ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин 2-курсунун студенттери менен жолугушуу болуп өттү. Жолгушууга ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова, окуу иштери боюнча директордун орун басары А.А.Ташматова жана кураторлор катышышты.

Бул жолугушуунун максаты жетекчилик менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, жаштарды университетте билим алууларына татыктуу шарттарды түзүү, компетенттүү адистерди даярдоо болуп саналат.

Бул жолугуушуда негизинен төмөнкү маселелер каралды:

                Студенттердин катышуу жана жетишүүсү;

                АЙ жана ФХ ведомосттору боюнча жалпы түшүнүк;

                АКЖ- академиялык карыздарын жоюу;

                Жайкы семестр жөнүндө жалпы түшүнүк;

                Жумуш ордунда окутуу;

                Куратордук`      ` сааттардын уюштурулушу ж.б.у.с. суроолордун тегерегинде суроо-жооп уюштурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында студенттер берилген суроолорго жооп алышып, өздөрүнө маанилүү маалыматтарды ала алышты.

Белгилей кетсек, колледждин жетекчилиги менен студенттердин жолугушуусу бул убакытка чейин да уюштурулуп келген.